Новости


Тажикстандыктар 10 жылда той-аштардан 18 миллиард сомони үнөмдөшкөн

Тажик бийлиги өлкөдө той-аштарга ашыкча чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам кабыл алынгандан бери жарандар 18 миллиард сомониден (2 миллиард доллардан ашык) ашык каражат үнөмдөгөнүн билдирди. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы кабарлайт.

Өзбек бийлиги Каримовдун кезиндегидей эле талаада бекер жумушчу күчүн колдонууда

Наманган облусунун Тураккурган районунда дарыгерлерди жана медайымдарды айыл чарба жана көрктөндүрүү жумуштарын аткарууга мажбурлашууда. Дарыгерлер медицина кызматкерлерин кошумча жумуштарга тартуу - Каримовдун тушуна караганда күчөгөнүн айтышууда. Бул тууралуу Озодлик кабарлайт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат. Бул тууралуу министрликтин Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» баяндамасына карата билдирүүсүндө айтылат.

Тажик президенти кызына жогорку чин ыйгарды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон президенттик аппараттын аткаруу бөлүмүн жетектеген улуу кызы Озода Рахмонго юстициянын мамлекеттик кеңешчиси чинин ыйгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы өз маалымат булактарына шилтеп кабаарлайт.

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы карызы 385 миң доллар

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы мүчөлүк карызы 385 миң доллар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика министринин орун басары Кубан Мырзаков Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мародерлук боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын аткаруу мөөнөтү узартылды

Башкы прокуратура мародерлук боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмүн аткаруу мөөнөтүн 1-августка чейин узартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук жана жемкорлукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында айтылды.

Кыргызстанда 15 мектеп жараксыз абалда

Кыргызстанда 15 мектеп жараксыз абалда болгондуктан балдар чатырда окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Шишик менен ооруган бейтаптарга жеке менчик ооруканада дарыланууга болбойт

Шишик менен ооруган бейтаптарга жеке менчик ооруканада дарыланууга тыюу салуу сунушу Жогорку Кеңештин бүгүнкү профилдик комитеттин жыйынында айтылды. Жыйында «Калкка шишик илдеттери боюнча жардам көрсөтүү" мыйзам долбоору талкууланууда.

Лучшее

Актуальное