Новости


Ананьеводо жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу жайда чыккан өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Президент Алмазбек Атамбаев набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, акча бөлүп берүүнү буйруду.

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер экстремизм менен күрөшкө тартылган

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер дагы экстремизм менен күрөшкө тартылган. Бул тууралуу Террорго каршы эл аралык Бишкек форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди.

Кыргызстанда 380 миң итке өздүгүн тактаган паспорт берилди

Кыргызстанда 380 миң итке өздүгүн тактаган паспорт берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат.

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Аида Салянованын сотунда прокурорлор коркутууларга арызданышты

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, мурдакы башкы прокурор Аида Салянованын сотунда прокурорлор коркутууларга арызданышты. Алардын айтымында, сот залында олтурган айрым кишилерге аларды опузалашкан.

Чүйдөгү көз жоосун алган жерлер

Кыргызстан акыркы жылдары абройлуу басылмаларда, тизмелерде алдынкы орундарга жайгашып калат. Тилекке каршы, азырынча кооз жаратылышы менен гана мыктылардын катарына кошулуп жатат. Эл аралык басылмалар Кыргызстанга сөзсүз барып, көрүп келүүнү сунушташат.

Түркмөнстанда чакан бизнес ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур

Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады. Ага Түркмөн бийлигинин ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгендиги себеп болгондугу айтылууда.

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Анда 70 өнөрпоздун ар кандай жанрдагы сүрөттөрү коюлган. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, иш чара жаш таланттарды колдоо жана алардын эмгегин элге тааныштыруу максатын көздөйт.

Болот Отунбаев Дания, Норвегиядагы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалды

Кыргызстандын Россиядагы Чукул жана толук ыйгарымдуу элчиси Болот Отунбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Дания, Норвегия жана Швециядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлайт.

Тажикстанда бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды

Тажикстанда мобилдик операторлорго бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды. Бул чечимди өлкөнүн ИИМи, Улуттук коопсуздук комитети, байланыш кызматы жана мобилдик компаниялар чогуу кабыл алышкандыгын Азаттыктык тажик кызматы кабарлайт.

Жалпы республикалык тестти тапшырбай калгандарга мүмкүнчүлүк берилет

Ар кандай себептерден улам жазында Жалпы республикалык тестке катышпаган бүтүрүүчүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк берилет. Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүү ыкмаларын балоо борбору кошумча тестирлөө өткөрөрүн маалымдады.

Лучшее

Актуальное