Новости


Ош шаарында жоголгон кыз табылды

Ош шаарында жоголгон Камила Нургазиева табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Атамбаев Россияда айдоочу болуп иштеген мигранттардын маселесин чечти

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда мигранттарга өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салган чечимин талкуулады. Бул тууралуу Азаттык радиосу кабарлайт.

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.

Атамбаев менен Путин дасторкон үстүндө сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады

Кыргызстандын жана Россиянын президенттери дасторкон үстүндө эки күндүк сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен анын жубайы Раиса Атамбаеванын ысмына сыйлуу түштөнүү уюштурду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлайт.

Атамбаев Россия менен ынак мамилени өзүнүн башкы жетишкендиги катары көрсөттү

Алмазбек Атамбаев Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эч кандай пикир келишпестик жоктугун билдирди. Бул боюнча эки өлкөнүн президенттеринин журналисттер менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Россия Кыргызстандын карызын кечти

Россия Кыргызстандын баардык карыздарын кечти. Бул тууралуу журналисттерге каржы министри Адылбек Касымалиев Москва шаарында президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Тажикстанда 40 жаштан ашкандар гана ажыга бара алышат

40 жашка чыга элек Тажикстандын ондогон жарандары быйыл ажылык парзын аткара албай калышты. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, ажыга 40 жаштан жогоркулар гана бара алышат. Умра үчүн курактык чектөөлөр жок. Бул тууралуу centralasian.org сайты маалымдайт.

Боршайком үгүттү эрте баштагандарга эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына, президенттикке талапкерлерге кайрылып, үгүт иштери али баштала электигин эскертти. Ал бүгүнкү жыйынында үгүт иштери 10-сентябрда башталарын айтып, шайлоонун эрежелерин бузбоого чакырды.

Лучшее

Актуальное