Новости


Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө караганда энергосекторго 13 эсе көп акча бөлүнөт

Кыргызстан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө караганда энергетикага 13 эсе көп каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн экономисты Бакыт Дубашов билдирди.

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен киши изделүүдө

Аламүдүн районунун Аламүдун айылындагы Суворов көчөсүнүн тушунан Чоң Чүй каналына 1961-жылы туулган И.С. аттуу киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Июнда көгүлтүр от кымбаттайт

Июнь айында кыргызстандыктар көгүлтүр оттун кубометрине 14,28 сом төлөп баштайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» кабарлайт.

Депутаттык комиссия Чудинов менен Жапаровго козголгон ишти териштирет

Депутаттык комиссия Чудинов менен Жапаровго козголгон ишти териштирет. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Бир-Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө демилгеси көтөрүлдү.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо боюнча мыйзамды карап, 109 добуш менен кабыл алды. 9 депутат гана каршы добуш берди.

Депутат мамлекеттик техинспекциянын орун басарын «бош көңдөйгө" салыштырды

Депутат мамлекеттик техинспекциянын орун басарын «бош көңдөйгө» салыштырды. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Экологиялык жана техникалык кароо боюнча мамлекеттик инспекциянын орун басары Расул Артыков менен депутат Камчыбек Жолдошбаев айтыша кетти.

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге 6 миллион 609 миң сом төлөнүп берилди

2016-жылдын февраль айынан баштап, табигый кырсыктан жапа чеккендерге 6 миллион 609 миң сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздоо уюумунун төрагасынын орун басары Бурулкан Калматова билдирди.

Мамлекеттик сатып-алуу тармагындагы жемкорлукту аткаминерлер танбайт

Мамлекеттик сатып -алуу тармагында жемкорлук бар экенин Каржы министрлигинин өкүлдөрү моюнга алышты. Бүгүн Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Абдумажит Юсуровдун суроосуна жооп берип жатып, Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Даникеев: «мамлекеттик сатып алуу тармагы эң көп сынга кабылат. Ал жакта жемкорлук күч», - деди.

ЖОЖдорго табигый кырсыктан жабыркагандарды билим акысынан бошотуу сунушталды

Өзгөн жана Чоң-Алайда жапа чеккендердин балдарын университеттеги билим акысынан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Аскар Шадиев билдирди.

Транспорт министрлиги үч жаңы учак сатып алат

«Манас» эл аралык аэропортуна үч жаңы учак сатып алуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.

Карганбек Самаковдун соту бешинчи жолу жылдырылды

Карганбек Самаковдун ишин караган соттун саламаттыгына байланыштуу отурум бешинчи жолу жылдырылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине каралып жаткан кылмыш ишине байланышы бар парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов билдирди.

Садыр Жапаровдун иши сотко ашты

Жогорку Кенештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун иши Биринчи май райондун сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине анын жактоочусу Бактыбек Асамидинов билдирди.

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Борбордук Азиянын маалыматтык хабы болушу керек

Кыргызстан Европа, Азия жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган Борбордук Азиянын маалыматтык хабы болушу керектиги тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, бүгүн өтүп жаткан «Таза коом» эл аралык конференциясында билдирди.

Лучшее

Актуальное