Кыргызстандын бай жана кедей аймактары аныкталды
Ош облусунун тургундарынын кирешеси эң төмөн. Бул тууралуу бүгүн Адамдык өнүгүү боюнча улуттук баяндамасынын бет ачарында автор Рафкат Хасанов билдирди.

Ош облусунун тургундарынын кирешеси эң төмөн. Бул тууралуу бүгүн Адамдык өнүгүү боюнча улуттук баяндамасынын бет ачарында автор Рафкат Хасанов билдирди.
Кыргызстанда Бишкек шаарынын тургундары дем алуу органдары, дүүлүкмө жана онкология илдети боюнча алдыда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Шүкүров билдирди.
Улуттук онкология борбору 1-октябрга чейин толук керектүү жабдуулар менен камсыз болушу керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев борборго арналган атайын жыйында билдирди.
Депутат президенттикке талапкерлерди жер басып алгандардын үйлөрүн мыйзамдаштыруу боюнча куру убада бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүнкү отурумда билдирди.
Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет. Ал Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарынын жүрүшүндө, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Түркменстанды кыдырарын БУУнун маалымат кызматы билдирет.
Парламенттин депутаты Бакыт Төрөбаев экономика министрлигине компанияны бир сааттын ичинде каттоого алууну сунуштады. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кардарлардын укугун коргоо» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
Чүй облусунда жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган чоң апасыныкынан табылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Чүй облустук маалымат кызматынан кабарлашты.
Батирлерди тоногон уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Кыргызстандын банктарынын биринин уставдык капиталына япониялык ишкерлер инвестиция салмакчы. Бул тууралуу парламенттин экономика жана фискалдык комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Аламүдүн районунда 2007-жылы болгон кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын Левь Толстой көчөсүндө жеңил ууна күйүп кетти. Бул тууралуу жарандык активист Айбек Баратов Facebook баракчасында маалымдайт.
Мурдакы депутат Садыр Жапаров ага коюлган айыптоолор боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүп, анализдеп чыгууну каалайт. Бул тууралуу ал бүгүнкү Биринчи май райондук сотунда билдирди.
Бишкектеги катуу шамалдан Октябрь райондун акимиаттын алдындагы эки карагай жана арча кулады. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
«Пара алып жаткан жеринен кармалган соттордун баардык чечимдерин кайра карап чыгыш керек», -деп Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Милиция Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратын курчоого алды. Ал жерде бүгүн мурдакы депутат Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин териштирүү башталат.
Сот Super.kgнин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каршы арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитети сайттын башкы редактору Гүлжан Асанкожоевага шилтеп маалымдайт.
Москва облусунда кармалган сексуалдык маньяк кыргызстандын жараны экени айтылууда. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары билдирет.
Аксыда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жарандык коргонуу Штабы түзүлдү. Бул боюнча ӨКМ билдирет.
Жогорку Кеңештин мурдакы чакырылышынын эки депутатынын ортосундагы соттук териштирүү аяктады. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине парламенттин мурдакы депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Катарга учууда аба каттамдарды алмаштыруу кеңешин берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министлигинин маалымат кызматы маалымдайт.
ЕАЭБ Индия менен эркин экономикалык аймак түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтоткон Перс булуңундагы өлкөлөрдү биримдикке чакырып, алардын мындай чечими «күтүүсүз» болгонун белгиледи. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.
Ашхабад миграциялык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Азаттыктын түркмөн кызматы маалымдайт.
«Түндүкэлектро» акционердик коому Бишкектеги 4 миң 746 абоненти өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет.
Кыргызстандын аарыларын Россиянын Курган облусуна киргизбей коюшту. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары маалымдайт.
Кыргызстандын Азербайжандагы Толук ыйгарымдуу жана чукул элчиси Айжигит Буранов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлайт.
«Мегаком» компаниясына кардар табылган жок. Бул маалыматты «24.kg» Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан таксыкташты.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев радикалдуу топторго жана агымдарга кошулуп кеткен мекендештерин жарандыктан ажыратарын билдирди. Бул тууралуу ал 3-июнда Анжиян районундагы жыйында айткандыгын Озодлик кабарлайт.
Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыкты. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине партиянын штабынан билдиришти.
Кыргызстандык Магнитогорск шаарындагы оорууканага ок жараты менен келип түштү. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары маалымдайт.
«Ак-Ордо-3» жаңы конушунун тургундары бачабаздыкка шектелген кишини кармап, өз алдынча жазалоого аракеттенишкен. Бул тууралуу видео Facebook тармагына жайгаштырылды.
Ош шаарында өзүн өрттөп, денесинин 60 пайызы күйүп калган аял каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Текебаевдин жактоочулары президентти суракка алууну сунушташууда. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакыпбекова бүгүнкү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирди.
Бишкекте бруцеллез менен ооругандардын саны эки эсеге өстү. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Мамлекеттик эпидемологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Артур Буюклянов билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевди камакка алуу чечимин чыгарылып, ага издөө жарыялады.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын иши каралып жаткан сотко журналисттердин катышуусун талап кылды.
Чет элдик жарандар Кыргызстанда медиага кожоюн боло алышпайт. Бул боюнча мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койгондугун өлкө башчысынын маалымат бөлүмү билдирди.
Каракол шаарынын жолдорун оңдоого 150 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Кара-Кол шаарына болгон жумуш сапарында айтылды.
Россиянын дагы бир шаарында кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кабарлады.
Москва дарыясына чөгүп кеткен кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.
Кара-Кулжада Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Асылбек Жээнбеков ачкан көпүрө селден кийин кулады. Маалыматты Ош облустук администрациясынан дагы такташты.
Москвада кармалган «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин арасында кыргызстандыктар дагы бар. Бул тууралуу «Правда. Ру» агентиги кабарлайт.
Кыргызстан визалык чектөөлөр рейтигинде 78 орунда турат. Бул тууралуу Henley & Partners компаниясынын Визалык чектөөлөр индексинин жыйынтыгында айтылат.
Түркмөнстанда жарандардын кирешелери азайып, жумушсуздук күчөп, накталай акчанын тартыштыгы пайда болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлайт.
Депутат чек ара кызматынын чыгымын азайтуу үчүн Ошко которууну сунуштайт. Бул тууралуу «Өнүгүү -прогресс» фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Четте жүргөн мигранттардын расмий саны миллионго жетпейт. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында, 710 кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.
Кыргызстанда Түндүк Кореядан бир качкын бар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.
Кыргызстан Экономика жана дүйнө институту жүргүзгөн «Тынчтыкты сүйүү глобалдуу рейтингинде» (Global Peace Index) 111 орунга жайгашты. Өткөн жылы Кыргызстан 124 орунда болчу.
«Кайрылман» макамын алууга кайрылган этникалык кыргыздардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.
2016-жылы Кыргызстанга 8 миллион чет элдик жаран кирип чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбаев парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында билдирди.