Новости


Ажылыкка каттоо башталат

Ушул жумада Меккеге зыяратка камынгандарды каттоо башталат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

КСДП партиясынын жыйыны жылдырылды

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын жыйыны артка жылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине парламент депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Ош мэри «Алай» футбол клубу 1 миллион сом тапшырды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Алай» командасынын чемпиондук наамы жана 50 жылдык маарекеси менен куттуктап, клубка 1 млн сом акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу каала мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Оштун Жапалак аймагында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда

Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагына болгон жумуш сапарында билдирди.

«Электр станциялар» АККсынын базар баасы — 4 миллиард сом

«Электр станциялар» АККсынын базар баасы - 4 миллиард сом. Ал эми жалпы энергетика тутуму 20 миллиард сомго барабар. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди.

Казакстан кыргыз товарларынын ордуна Россия жана Белоруссиядан сатып алууда

Казакстандагы кыргыз товарларынын ордун Россия жана Белоруссиянын ишкерлери басууда. Бул тууралуу Астана менен Бишкектин ортосундагы видео конференцияда казакстандык эксперт Таисия Мармонтова билдирди.

Лучшее

Актуальное