Результатов: 139

Өзгөчө кырдаал министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаал министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Министрликтин айтымында, 21-25-июнунда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Аймактарда жаан, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. 24.kg »

2017-6-22 09:20

Атамбаев кызматынан кеткенден кийин кыргыз тилин өнүктүрүү менен алектенет

Алмазбек Атамбаев кызматынан кеткенден кийин кыргыз тилин өнүктүрүү менен алектенет. Бул тууралуу ал бүгүн Москвада мекендештер менен жолугушуу учурунда билдирди. 24.kg »

2017-6-22 08:50

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын латын алфавитине өтүшүнө каршы

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын латын алфавитине өтүшүнө каршы. Бул тууралуу ал бүгүн Москвада мекендештер менен жолугушуу учурунда суроолорго жооп берип жатып билдирди. 24.kg »

2017-6-22 08:40

Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушуп туруусуна уруксат берилген жок

Сот Өмүрбек Текебаевдин шайлоо иштери боюнча ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушуусуна уруксат берген жок. Бул тууралуу чечим Биринчи май райондук сотунда Айбек Эрнис уулу кабыл алды. 24.kg »

2017-6-22 08:00

Ананьеводогу жарылууда жабыр тарткандардын бири көз жумду

Ананьеводогу жарылууда жабыр тарткандардын бири көз жумду. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Саламатыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 24.kg »

2017-6-22 07:10

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди. 24.kg »

2017-6-21 14:59

Ар бир балага төрөлгөндө сүйүнчү жана жөлөк пул берилет

Ар бир балага төрөлгөндө сүйүнчү жана үй-бүлөсүнүн кирешесине карабай жөлөк пул берилет. Бул тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда кабыл алышты. 24.kg »

2017-6-21 13:22

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керек болгон акчанын 40 пайызын гана алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир жылга керек болгон акчанын 40 пайызын гана алат. Бул тууралуу министр Кубатбек Боронов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. 24.kg »

2017-6-21 13:16

Мародерлукка айыпталып жаткан Райкан Төлөгөнов оорууканага жаткарылды

Мародерлукка айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов оорууканага жаткарылды. Бул тууралуу журналисттерга анын уулу Иса маалымдады. 24.kg »

2017-6-21 12:46

Кубатбек Боронов: Өрт өчүргүчтөр кечикпейт жана унаасында дайым суу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубатбек Боронов өрт өчүрүү кызматына айтылган сынды кабыл албайт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди. 24.kg »

2017-6-21 12:11

Атамбаев менен Путин дасторкон үстүндө сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады

Кыргызстандын жана Россиянын президенттери дасторкон үстүндө эки күндүк сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен анын жубайы Раиса Атамбаеванын ысмына сыйлуу түштөнүү уюштурду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлайт. 24.kg »

2017-6-21 07:01

Атамбаев Россия менен ынак мамилени өзүнүн башкы жетишкендиги катары көрсөттү

Алмазбек Атамбаев Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эч кандай пикир келишпестик жоктугун билдирди. Бул боюнча эки өлкөнүн президенттеринин журналисттер менен жолугушуусу учурунда айтылды. 24.kg »

2017-6-21 06:39

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди. 24.kg »

2017-6-20 12:35

Ананьеводо жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу жайда чыккан өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Президент Алмазбек Атамбаев набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, акча бөлүп берүүнү буйруду. 24.kg »

2017-6-20 11:39

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер экстремизм менен күрөшкө тартылган

Өлкөдө мектеп окуучулары жана студенттер дагы экстремизм менен күрөшкө тартылган. Бул тууралуу Террорго каршы эл аралык Бишкек форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди. 24.kg »

2017-6-20 11:25

Боршайком талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу мөөнөтүн белгилей элек

Боршайком талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын тапшыруу убагын белгилей элек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. 24.kg »

2017-6-20 10:05

«Ислам мамлекетине» кошулууга үгүттөгөн видео роликтерди жаап салуу сунушталды

«Ислам мамлекетине» кошулууга үгүттөгөн видео роликтерди жаап салуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина ЕАЭБ мамлекеттеринин террорго каршы форумунда көтөрдү. 24.kg »

2017-6-20 09:39

Партиянын курултайына кеткен чыгым шайлоо фондунан гана төлөнүшү керек

Президенттикке ат салышкан талапкерлер партиянын курултайына кеткен чыгымды шайлоо фондунан гана төлөшү керек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 24.kg »

2017-6-19 14:33

Кыргызстанда 380 миң итке өздүгүн тактаган паспорт берилди

Кыргызстанда 380 миң итке өздүгүн тактаган паспорт берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди. 24.kg »

2017-6-19 13:53

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат.

Малдардын өздүгүн аныктоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды. 24.kg »

2017-6-19 12:26

Боршайком сот өкүмү чыкпаса, Текебаевди талапкер катары каттайт

Боршайком сот өкүмү чыкпаса, Өмүрбек Текебаевди каттайт. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 24.kg »

2017-6-19 12:08

Чүйдөгү көз жоосун алган жерлер

Кыргызстан акыркы жылдары абройлуу басылмаларда, тизмелерде алдынкы орундарга жайгашып калат. Тилекке каршы, азырынча кооз жаратылышы менен гана мыктылардын катарына кошулуп жатат. Эл аралык басылмалар Кыргызстанга сөзсүз барып, көрүп келүүнү сунушташат. 24.kg »

2017-6-19 07:26

Түркмөнстанда чакан бизнес ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур

Ашхабад базарларында азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кескин кымбаттады. Ага Түркмөн бийлигинин ишкерлердин чет элдик валюталарды алмаштыруусуна чектөө киргизгендиги себеп болгондугу айтылууда. 24.kg »

2017-6-19 06:09

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү кыскарды

Бир ай ичинде Кыргызстанга 17 миллион долларга аз акча которулуп, майдын жыйынтыгы боюнча жалпы сумма 138,6 миллионду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. 24.kg »

2017-6-19 05:50

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Анда 70 өнөрпоздун ар кандай жанрдагы сүрөттөрү коюлган. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, иш чара жаш таланттарды колдоо жана алардын эмгегин элге тааныштыруу максатын көздөйт. 24.kg »

2017-6-16 14:44

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоорун Бишкек мэриясына өткөрүп берүү сунушталды

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоорун Бишкек мэриясына өткөрүп берүү сунушталды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. 24.kg »

2017-6-16 07:56

Төө-Ашуудагы жолду оңдоого жамгыр жолтоо болууда

Төө-Ашуудагы жолду оңдоого жамгыр жолтоо болууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. 24.kg »

2017-6-16 07:36

Өкмөт жана президенттин иш башкармалыгы 1 миллион сомго планшет сатып алат

Өкмөт жана президенттин иш башкармалыгы 70 планшет сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы билдирет. 24.kg »

2017-6-16 06:44

Баардык аскер бөлүктөрүнө видеобайкоо орнотулду

«Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар болсо сөзсүз кылмыш иши козголот» - деди ал. 24.kg »

2017-6-16 06:33

Тажикстанда бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды

Тажикстанда мобилдик операторлорго бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды. Бул чечимди өлкөнүн ИИМи, Улуттук коопсуздук комитети, байланыш кызматы жана мобилдик компаниялар чогуу кабыл алышкандыгын Азаттыктык тажик кызматы кабарлайт. 24.kg »

2017-6-16 06:06

Парламент депутаттары Боршайкомдун төрайымынын отставкасын талап кылышууда

Парламент депутаттары Боршайкомдун төрайымынын отставкасын талап кылышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды. 24.kg »

2017-6-15 12:43