Результатов: 148

Жогорку Сот Zanoza интернет басылмасынын мүлкүн камоого алууга уруксат бербеди

Жогорку Сот Башкы прокуратурага Zanoza интернет басылмасынын мүлкүн камоого алууга уруксат берген жок. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине журналист Нарын Айып билдирди. 24.kg »

2017-6-15 11:28

Тажикстандыктар 10 жылда той-аштардан 18 миллиард сомони үнөмдөшкөн

Тажик бийлиги өлкөдө той-аштарга ашыкча чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам кабыл алынгандан бери жарандар 18 миллиард сомониден (2 миллиард доллардан ашык) ашык каражат үнөмдөгөнүн билдирди. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы кабарлайт. 24.kg »

2017-6-15 09:57

Токтогулда эки жашар кыз дааратканага түшүп, мерт кетти

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын Ак-Чи көчөсүндө бүгүн эки жашар кыз дааратканага түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 24.kg »

2017-6-14 14:23

Жогорку Кеңеш Акүйдү ижарага алган ишканалардан бир жылда 167 миң сом тапкан

Жогорку Кеңеш имаратын ижарага алган ишканалардан 2016-жылы 167 миң сом тапкан. Бул тууралуу парламенттин иш башкармачысы Алмаз Кожомкулов билдирди. 24.kg »

2017-6-14 12:01

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн

Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 24.kg »

2017-6-14 11:50

«Жеткиликтүү турак жай» программасына кыймылсыз мүлкү бар жарандар дагы катышат

«Жеткиликтүү турак жай» программасына кыймылсыз мүлкү бар жарандар дагы катышалат. Программанын катышуучуларын тандоо жана бекитүү жобосу коомдук талкууга коюлду. 24.kg »

2017-6-14 07:56

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндөгү паракорлукту четке кагат. Бул тууралуу министрликтин Акыйкатчынын «Кыргызстандын аялдарынын репродуктивдүү укугун сактоо» баяндамасына карата билдирүүсүндө айтылат. 24.kg »

2017-6-14 07:19

Эл аралык фестивалда Гүлайым Каниметова мыкты актриса аталды

Кыргыз эл артисты Гүлайым Каниметов Россиянын Орел шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн башкы сыйлыкка татыды. 24.kg »

2017-6-14 06:25

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы карызы 385 миң доллар

Кыргызстандын БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү программасындагы мүчөлүк карызы 385 миң доллар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика министринин орун басары Кубан Мырзаков Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 24.kg »

2017-6-13 14:32

Айдоочулардан түшкөн айып пулдун өлчөмү жашыруун сыр болуп эсептелет

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн төлөнгөн айыптар жашыруун сыр болуп эсептелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды. 24.kg »

2017-6-13 12:34

Бачабаздык үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулбайт

Бачабаздык үчүн соттолгондорго мунапыс колдонулбайт. Бул сунушту Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук жана жемкорлукка каршы күрөшүү комитети жактырып, аны бекиткен айрым мыйзамдарга өзгөртүүнү колдоду. 24.kg »

2017-6-13 12:22

Тыюу салынгандыгына карабай Кайынды мэриясы бүтүрүүчүлөргө кече уюштуруп жатат

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кече уюштурууга тыюу салынгандыгына карабай Кайынды шаарынын мэриясы дасторкон жайып, майрам уюштурат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып-алуу порталында жарыяланат. 24.kg »

2017-6-13 10:02

Туристтер «Энильчек» коругуна кирүүгө коюлган акыга нараазы

Өкмөт «Энильчек» коругуна кирүүгө 5 миң сом акы койду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине туроператорлор ассоциациясынын башчысы Тимур Акбышев билдирди. 24.kg »

2017-6-12 08:11

Аскердик милдетти өтөөнүн альтернативдүү жолу кымбатташы мүмкүн

Альтернативдүү аскердик кызмат кымбатташы мүмкүн. «Кыргызстандын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызмат» жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү сунушталат. 24.kg »

2017-6-12 07:49

Президент кыргыз тилинин аброюу өсүп бара жатканын айтты

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, акыркы жылдарда башка этностор арасында мекенчил жаштар көбөйүп, кыргыз тилинин аброюу артууда. Бул тууралуу өлкө башчысынын Ош коогалаңынын 7 жылдыгына арналган кайрылуусунда айтылат. 24.kg »

2017-6-9 13:49

Темир жол бекетиндеги жардыруучу зат жөнүндөгү маалымат такталган жок

Темир жол бекетиндеги жардыруучу зат жөнүндөгү маалымат такталган жок. Бул тууралуу «24.kg» Бишкек шаардын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 24.kg »

2017-6-9 12:08

Депутат туристтерди тартуу үчүн Эйфел мунарасы сыяктуу көзүр табууну сунуштайт

Маданият жана маалымат министрлигине туристтерди тартуу үчүн Париждеги Эйфел мунарасы сыяктуу көзүрдү ойлоп табууну депутат Айнуру Алтыбаева сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. 24.kg »

2017-6-9 08:59

Ысык-Көлдөгү батир кожоюндары быйыл үйүн туристтерге ижарага бере албайт

Маданият жана маалымат министрлиги парламентке, туристтердик жайлар бар шаарларга бул чектөөнү алып салуу сунушун жолдоду. Алар мыйзамга өзгөртүүнү туристтик сезон башталганча кабыл алууну өтүнөт. 24.kg »

2017-6-9 08:02

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун туугандары Түркияда эс алат

Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ айылына кулаган «Боинга-747» учагынан каза болгондордун туугандары Түркияга эс алууга кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. 24.kg »

2017-6-8 11:22

Кыргызстан — Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү

Кыргызстан - Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү. Бул тууралуу аталган уюмдун тышкы иштер боюнча башкы катчысынын саясый маселелер жаатындагы орун басары Жан-Кристоф Бельяр президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков менен жолугушуу учурунда билдирди. 24.kg »

2017-6-8 06:45

Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базасынын кубаттуулугун күчөтөт

Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базасынын кубаттуулугун күчөтөт. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинде билдирди. 24.kg »

2017-6-7 14:03

Социалдык тармакта килем темасы кызуу талкуу жаратты

Facebook, Twiitter социалдык тармагынын колдоонуучулары эки күндөн бери Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин көчөдөгү сөзү үчүн астына килем төшөлгөн сүрөтү жана Икрамжан Илмияновдун сүрөтү түшүрүлгөн килем кызуу талкууга алынды. 24.kg »

2017-6-7 12:00

Жалал-Абадда күйүү май ташуучу унааларга түнү жүрүүгө тыюу салынды

Жалал-Абадда күйүү май ташуучу унааларга түнү жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 24.kg »

2017-6-7 09:51

Бишкек дем алуу органдары, дүүлүкмө жана онкология илдети боюнча алдыда

Кыргызстанда Бишкек шаарынын тургундары дем алуу органдары, дүүлүкмө жана онкология илдети боюнча алдыда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмил Шүкүров билдирди. 24.kg »

2017-6-7 08:50

БУУнун башкы катчысы Ош коогалаңынын 7 жылдыгына катышат

Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет. Ал Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарынын жүрүшүндө, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Түркменстанды кыдырарын БУУнун маалымат кызматы билдирет. 24.kg »

2017-6-7 08:04

Чүй облусунда жоголгон балдар Өзгөндөгү чоң апасыныкынан табылды

Чүй облусунда жоголгон балдар Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган чоң апасыныкынан табылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Чүй облустук маалымат кызматынан кабарлашты. 24.kg »

2017-6-7 07:45

Садыр Жапаров ага коюлган айыптоолор боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү каалайт

Мурдакы депутат Садыр Жапаров ага коюлган айыптоолор боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүп, анализдеп чыгууну каалайт. Бул тууралуу ал бүгүнкү Биринчи май райондук сотунда билдирди. 24.kg »

2017-6-6 11:25

Америка араб өлкөлөрүн жарашууга чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтоткон Перс булуңундагы өлкөлөрдү биримдикке чакырып, алардын мындай чечими «күтүүсүз» болгонун белгиледи. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет. 24.kg »

2017-6-6 05:25