Новости


Эки райондун акимдери дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дамир Кулубаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театры ачылат

Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театрын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

60 миллион сомго жолтандабас. Президент тендерди жокко чыгарды

Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгынын алдындагы автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Акин Токтоналиевдин Садыр Жапаровго каршы арызын сот кабыл алган жок

Биринчи май райондук соту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдакы башчысы Акин Токтоналиевдин президент Садыр Жапаровго жана анын мурдакы маалымат катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Японияда Кыргызстандын эки оюнчусу Мьянма менен беттештен четтетилди

Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу Мьянманын командасы менен боло турган беттешке чыкпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Лучшее

Актуальное