Новости


«Коопсуз шаар». Салынган айыппулдар тууралуу маалыматты кайдан текшерсе болот

12-февралдан тарта Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштайт. Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети салынган айыппулдар тууралуу маалыматты кайдан текшерсе боло тургандыгын 24.kg агенттигине айтып берди.

Аргынбек Малабаевдин абалын орто деп баалашууда

Дарыгерлер жол кырсыгына кабылган мурунку Унаа министри Аргынбек Малабаевдин абалын орто деп баалашууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунан билдиришти.

Кыргыз кыздарын футболго кызыктырган Виталий Люкс

Азия чемпионаты Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Виталий Люкстун жылдызы жандырды. Ал Филлипин менен оюнда хет-треки менен эл оозуна алынып, эл аралык маалымдоо каражаттары «Азия оюндарынын секс символу» деп да аташты.

Футбол. 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын командасын утту

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту.

Кытайдын лагеринен бошотулган кыргыз жараны тууралуу маалымат такталган жок

Кытайдын кайра тарбиялоо лагеринен бошотулган кыргыз жараны Абылет Турдакун тууралуу маалымат такталган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинен кабарлашты.

Ноокат районунда мал уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды

Ноокат районунда мал уурулук боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Ноокат РИИБге Кашкалдак айылынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2-декабрда белгисиз адамдар анын 3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Кыргызстандык спортчулар киокошинкай-кан каратэ боюнча 2 медаль тагынды

Кыргызстандык спортчулар киокошинкай-кан каратэ боюнча Kazakhstan Open эл аралык мелдишинде эки медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кара-Суу райондук соттун имаратында жактоочуну сабап салышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда сот залында Папан айылдык башкармалыгынын башчысы Тилек Матраимовдун тарапташтары жактоочу Айсалкын Карабаеваны сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучу айтты.

Лучшее

Актуальное